Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-марты № 5/1
Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) чыккандыгына карата өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу Ала-Бука аймактык ооруканасынын директору Б.С.Алибаеванын Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын инфекциялык ооруулар бөлүмүнө көчмө флюраграфиялык аппаратын алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Ала-Бука райондук эпидемиологиялык фондуна бөлүнгөн 1 000 000 (бир миллион) сом акчанын эсебинен Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын инфекциялык ооруулар бөлүмүнө көчмө флюраграфиялык аппаратын алуу үчүн 500 (беш жүз) мин сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Каражаттарды максаттуу пайдалануу Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын директору Б.С.Алибаеванын жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кенешинин төрагасынын орун басары | А.Саттаров |