Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-марты № 5/2
“Фулл Голд Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн счетуна түшкөн 300 (үч жүз) мин сом акча каражатын коронавирус (COVID-19) инфевциясына каршы дезинфекциялоо жумуштарына максаттуу пайдалануу жөнүндө
“Фулл Голд Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн счетуна түшкөн 300 (үч жүз) мин сом акча каражатын коронавирус (COVID-19) инфевциясына каршы дезинфекциялоо жумуштарына максаттуу пайдалануу жөнүндөгү депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Фулл Голд Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн счетуна түшкөн 300 (үч жүз) мин сом акча каражатын коронавирус (COVID-19) инфевциясына каршы дезинфекциялоо жумуштарына бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кенешинин төрагасынын орун басары | А.Саттаров |