Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-апрели № 6/1
Ала-Бука айыл аймагындагы муниципалдык ишканаларда иштеп жаткан жардамга муктаж жарандарга жана посттордо турган милиция кызматкерлерине жардам көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жуктуруп алуу коркунучуна карабастан иштеп жаткан муниципалдык кызматкерлердин муктаждарына жана Ала-Бука айылынын карантип постторунда күнү-түнү элдин коопсуздугун ойлоп турган Ала-Бука РИИБүнүн кызматкерлерине жардам көрсөтүү жөнүндөгү Ала-Бука РИИбүнүн начальниги милициянын полковниги А.Сулаймановдун кайрылуусунун ошондой эле А.Саттаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Голд Майнинг ЖЧКсы тарабынан берилген ундан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлердин муктаждарына 20 кап жана Ала-Бука айылынын карантип постторунда турган кызматкерге 20 кап бөлүнүп берилсин.
2. Берилген унду бөлүштүрүү Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаттарына милдетендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |