Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-майы № 7/1
Достук айылындагы “Акурча” жаңы конушунун көчөлөрүн шагалдоо жөнүндө
Достук айылындагы “Акурча” жаңы конушунун көчөлөрүн шагалдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен керектүү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылындагы “Акурча” жаңы конушунун көчөлөрүн шагалдоо үчүн зарыл болгон 700 (жети жүз) мин акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 3111 беренесинен кыскартылып, 2512 беренесине которулуп субсидия катары “Ала-бука Техсервис” муниципаллык ишканасына бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу “Ала-бука Техсервис” муниципаллык ишканасынын башчысы Т.Турсунбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |