Загрузка документа…
КӨК – МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № 29
Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн аппараттык кызматкерлердин штаттык бирдиктеги өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 12.11.2019-жылдагы №04-275 корутусуна ылайык жана «Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек штаттарынын зыяндуулугуна карата кошумча компенсация төлөнүү аныктоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө » буйругуна ылайык , Көк-Мойнок айыл өкмөттүнүн аппараттык кызматкерлеринин 2020-жылдык тарификациясына киргизүү боюнча сунуш менен таанышып жана Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарын угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк- Мойнок айыл өкмөтүнүн аппараттык кызматкерлеринин штаттык бирдигине кошумча компенсация төлөө киргизилсин.
2. Компенсация төлөө 2020-жылдын 1-январынан баштап төлөнүп берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн чыгым 2020- жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
4. Токтомду аткаруу алуу максатында КР ФМ Тоӊ башкармалыгына сунуштоо жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сманова Нуржан Кенжебековнага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы М.А.Кыдыралиевага жана айылдык Кенешинин төрагасы А.Б.Джодаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Б.Джодаев |