Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 31
Ысык-Көл областынын Тоӊ районунун Көк-Мойнок айыл аймагынын топурак изилдөө материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, 2015-2016-жылдары “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак- агрохимиялык станциясы даярдаган, Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мурдагы топурак изилдөө материалдарына оӊдоп түзөө иштерин карап чыгып , Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоӊ районунун Көк-Мойнок айыл аймагынын 2015-2016-жылдары “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак-агрохимиялык станциясы даярдаган топурак изилдөө материалдары бекитилсин.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын коректировкалоо боюнча материалдарын Тоӊ районунун мамлекеттик администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомду аткарылышына көзөмөлдөө жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыралиева М.А. милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |