Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 32
Көк-Мойнок айыл аймагынын карамагындагы айылдарга таштанды төгүүчү жайларды(полигон) куруу үчүн жер тилкесин бөлүү жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын карамагындагы айылдарга таштанды төгүүчү жайларды (полигон) куруу жөнүндө Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Б.Кадырбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1. Көк-Мойнок айыл аймагынын Ак-Өлөӊ айылынын “Ак-Жал” участкасынан №1662 контурдан 4,87 гектар, Көк-Мойнок-1 айылынын түштүк-батыш тарабынан №1518*контурдан 3,0гектар, Көк-Мойнок-2 айылынын ДЭУ участкасынын батыш тарабынан №761контурдан 3,0гектар ,бардыгы 10,87гектар жер тилкеси таштанды төгүүчү жайларды(полигон) куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Аталган жер тилкелерин трансформациялоо жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Тиешелүү документтерди бүтүрүү жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кадырбаевге милдеттендирилсин.
4. Жерди пайдаланууга укук берүүчү юридикалык документтерди даярдоо менен бирге мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Тоӊ филиалынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Джодаев А. |