Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 11-февралы № 33

 Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Көк-Мойнок айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды Көк-Мойнок айыл өкмөтүн аймагында аткаруу милдетти айыл өкмөтүнүн турак жай, коммуналдык чарба, мал чарбасы жана ветеринария маселелери, өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис Исраилова Кундуз Султанбековна бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүн башчысы М.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Б.Джодаев