Загрузка документа…
КӨК – МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-февралы № 34
2020-жылга Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджети,2021-2022 - жылдарга болжолу жана 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышыжөнүндө.
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы -башкы бухгалтер Н.Сманованын докладын угуп жана талкуулап
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 7986,6 мин сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2021-2022- жылдарга айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджетинин болжолу 2021-жылга 8559,0 мин сом, 2022- жылга 8698,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинде турган мекемелердин 2020-жылга жалпы чыгымы 7986,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2020-жыл 1-январына карата кассалык жүгүртүүнүн суммасы 30,0 мин сом өлчөмүндө каралсын.
5. 2019-жылдагы Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кенешинин жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 26851,3 мин сом калдыгы менен кирешелер боюнча 34349,8 мин сом өлчөмүндө, чыгашалар боюнча 22365,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Бюджеттин так аткарылышына, бюджеттик каражаттарды мыйзамдуу пайдаланылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
7. Бул чечимдин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы А.Б.Джодавге тапшырылсын.
Төрага | А.Б.Джодаев |