Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-февралы № 35
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган 26851200 сом калдыгын кароо жана бөлүштүрүү жөнүндө
Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Өлөӊ айылына бала бакча куруу үчүн-8000000 сом;
2. Ак-Өлөӊ айылына ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда бактерицид орнотуу жана жумуштары үчүн- 500 000 сом;
3. Көк-Мойнок-1 айылына ФАПтын имаратын үлүштүк грант аркылуу салууда айыл өкмөтүн үлүшү катары -800 000 сом;
4. С.Каралаев, Көк-Мойнок-1 орто мектептердин ашканасына инвентарларды алуу үчүн -230 000 сом;
5. Көк-Мойнок-2 айылынын таза суусуна электр линиясын тартуу үчүн- 200 000 сом;
6. Ак-Өлөӊ, Көк-Мойнок-1,Көк-Мойнок-2 айылынын көчөлөрүнүн жарыктандыруусуна -500 000 сом;
7. Ак-Өлөӊ айылына жаны курулган ФАПка көмүр жагуучу печка салуу үчүн -300 000 сом;
8. Ч.Исаеванын компенсациясы үчүн -901 200 сом;
9. С.Каралаев, Көк-Мойнок-1 , Көк-Мойнок-2 орто мектептерине видео көзөмөл коюу үчүн- 690 000 сом;
10. Көк-Мойнок айыл аймагынын турак-жай маселесин чечүү максатында Ген план түзүүгө ,долбоорлук сметалык документацияларды жасоого, сметчикке,технадзорго ,АПУ жана ИТУ иш кагаздарын жүргүзүүгө жана жер аянттарына мамлекеттик акт алуу үчүн -1 000000 сом;
11. Соц объектилерге өрт коопсуздугу үчүн шит орнотуу үчүн-150 000 сом;
12. Көк-Мойнок-1 айылынын таза суусуна 2019-жылы келишим түзүлүп, которула элек “Гигаком” ЖЧКна калган акча каражаты үчүн-1 331 600 сом ;
13. С.Каралаев орто мектебинин айланасын курчоодо келишим түзүлүп которула элек “Мессина” ЖЧКна -755 200 сом;
14. Айыл аймактын айылдарынын жолбун иттерин аттыруу үчүн- 40 000 сом;
15. Көк-Мойнок-2 айылынын жолдорун оңдоого- 7 690 000 сом;
16. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн коомдук-профилактикалык борборунун бензини үчүн -10000сом;
17. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн кире беришиндеги стелланын свети үчүн -10000сом;
18. Көк-Мойнок-1 айылынын клубунун ремонтуна -2 000000сом;
19. Көк-Мойнок -1 айылына тренажердук аянтча куруу үчүн -700 000сом;
20. Көк-Мойнок-1 айылына балдар аянтчасын тосмосу отургучу менен куруу үчүн – 400 000сом;
21. Көк-Мойнок-1 айылына айыл өкмөткө караштуу контейнердин ичин ремонттоо үчүн-200 000сом;
22. Көк-Мойнок-1 айылына айыл башчы, аксакалдар сотунун кабинетине инвентарь алуу үчүн -36 000сом ;
23. Көк-Мойнок-1 айылына айыл башчы, аксакалдар соттунун кабинетине орг.техникаларды алуу үчүн -54000сом;
24. Көк-Мойнок-1 айылынын кире беришине стелла куруу үчүн -300 000сом;
25. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы М.А.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Б.Джодаев |