Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 27-37/1
Каракол шаардык депутаттар Кенешинин “Каракол шаарынын 2020-жылга жергиликтʏʏ бюджетин бекитʏʏ жана 2021-2022 жылдарга болжол жѳнʏндѳгʏ” токтомуна ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ жана толуктоолорду киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2020-жылдын 22-апрелиндеги, кир:№ 01-7/96 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXVII кезексиз сессиясы
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.С.Толумбекова) Кыргыз Республикасынын бюджеттик резервинен 8 120 000 (сегиз миллион жʏз жыйырма миң) сом акча каражатты, Каракол шаарында, ѳзгѳчѳ кырдаал учурунда, татаал турмуштук шарттагы тургундарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу максатында келип тʏшкѳндʏктѳн, 2020-жылга, Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин чыгаша жана киреше бѳлʏктѳрʏнѳ ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизсин.
2. Бѳлʏнгѳн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ, Каракол шаарынын мэриясынын, 2020-жылдын 21-апрелиндеги №133 тескемеси менен тʏзʏлгѳн убактылуу жумушчу комиссиясына жʏктѳлсʏн. Жумушчу комиссия, калктын (ʏй-бʏлѳнʏн) тамак-аш азыктарына жана биринчи кезекте керектелʏʏчʏ товарларга муктаждыгын эсепке алсын. Акча каражатынын чыгаша бѳлʏгʏн каржылоо, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин кезектеги сессиясына, Каракол шаарынын калкын тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу боюнча убактылуу комиссиянын сунуштары берилгенден кийин жʏргʏзʏлсʏн.
3. Каракол шаарынын мэриясы жума сайын аткарылган иштери боюнча Каракол шаардык депутаттар Кенешине отчет берип турсун.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына жоопкерчилик жана көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |