Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 1
Айыл ѳкмѳттүн башчысын шайлоо жѳнүндѳ
”Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ” Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105-токтомунун талаптарына жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ 2020-жылдын 6-мартындагы протоколуна ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат :
1.Добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун,”Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызматына айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер Масиров Шайырбек Маматкулович шайланды деп эсептелсин.
Төрага | Д.Бекназаров |