Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты № 1
Коомдук кырдаал жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат :
1.Айыл ѳкмѳттүн аймагындагы Коронавирустук инфекция (COVID-2019) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий,спорттук жана башка массалык иш чараларды ѳткѳрүү убактылуу токтотулсун.
2. Калкты бул абалдан тынч алып чыгуу максатында айыл ѳкмѳттүн резерв фондуна жана медикаменттер статьясында каралган каражат санитайзерлерди жана аба тазалагычтарды орнотуу,кызматкерлерди жана келүүчүлѳрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо,залалсыздандыруучу хлор сатып алуу,бет кап тиктирүү,техника үчүн каражат бѳлүү жана башка зарыл кечиктирилгис чаралар үчүн иштетилсин.Ошондой эле зарылчылык болгон учурда тѳмѳндѳгү стаьяларга ажыратылган каражаттарды санитардык жумуштар үчүн пайдаланууга уруксат берилсин:
-спорт оюндарына ажыратылган каражат;
-кѳк бѳрү үчүн ажыратылган каражат;
-кѳчѳлѳргѳ шагал тѳгүү үчүн ажыратылган каражат;
-электр мамыларды сатып алуу үчүн ажыратылган каражат.
3. Айыл ѳкмѳттүн башчысы абал курчубай туруп тѳмѳндѳгү кечиктирилгис чараларды кѳрсүн:
-айыл ѳкмѳттүн бардык айылдарына кирүүчү авто жолдор жабылсын;
-Кочкор-Атадан,Арал айыл ѳкмѳтүнѳн кирүүчү жолдор толугу менен жабылып,негизги жол болуп Аримжан айылынын Ноокен айыл ѳкмѳтү менен чектешкен участкага текшерип ѳткѳрүүчү блок пост орнотулсун;
-суткалык нѳѳмѳт уюштурулсун,нѳѳмѳткѳ турган кызматкерлерге ыңгайлуу шарттар жаратылсын(тамак,телефон ыңгайлары,жарыктык,ж.б)
-пост аркылуу сырттан келген коноктордун кирүүсүнѳ убактылуу абал турукташканга чейин чектѳѳ коюлсун.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин мыйзамдуулук,бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Төрага | Д.Бекназаров |