САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2020-жылдын 20-марты № 2
Кызматкерлерге сый акы тѳлѳп берүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, КРдин 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат :
1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн айрым кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган компенсациялар анын ичинде ѳзгѳчѳ татаал шарттардагы иши,ашыкча иштеген сааттарын ,жазгы талаа жумуштарына байланыштуу дем алыш күндѳрүндѳгү ишин эсепке алып акчалай сый акы тѳлѳнүп берилсин.
2. Айыл ѳкмѳттүн башчысына бул боюнча кызматкерлердин тизмесин аныктап,тиешелүү чараларды кѳрүү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин мыйзамдуулук,бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Төрага | Д.Бекназаров |