Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-майы № 2
М.Артыков жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн тургуну жаран Артыков Муратбектин айылдык кеңештин тѳрагасына жана айыл ѳкмѳткѳ 2020-жылдын 24-апрелинде жазып кайрылган арызы канааттандырылсын.
2. М.Артыковдун 2017-жылдын 13-октябрында туулган кызы Артыкова Айшанын ден соолугун чыңдоо максатында айыл ѳкмѳттүн резерв фондусунун эсебинен 30000(отуз миң) сом акчалай каражат жардам иретинде ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Д.Бекназаров |