Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-февралы № 1
Кеңеш айылдык Кеңешининтөрагасын шайлоо жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы өзүнүн ыктыяры менен кызмат ордунан бошогондугун эске алып, жаңы төрага шайлоо боюнча Кеңеш айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз XХ - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каипов Ильясбек Замирович Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы кызмат ордунан четтетилсин.
2. Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы болуп Аттокуров Канболот Джапарович дайындалсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимов милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |