Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы № 1
Кеңеш, Бешик-Жон жана Масы айыл аймактарынын муниципалитеттерин кызматташуусу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысынын Р.Омурзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш, Бешик- Жон жана Масы айыл аймактарынын муниципалитеттер аралык кызматашуусу бекитилип берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |