Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы № 2
маркум Абылов Майрамбектин көчөгө атын коюу жөнүндө
ЖКККБнүн башчысы милициянын подполковниги А.Досовдун жана Социалдык масалелер боюнча комитеттин төрагасы Ш.Шабдановдун билдирүүсүнө негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шыдыр айылынын тургуну маркум Абылов Майрамбектин ысымы Орто-Сай участкасынын Шыдыр айылынын тургундарына тийген көчөгө берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимов милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |