Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы № 4
Кара-Жыгач айылындагы Салбанов атындагы мектеби курулуп буткөндүгүнө байланыштуу
Кеңеш айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Омурзаковдун кайрылуусуна жана Жалал-Абад областык капиталдык курулуш башкармалыгынын өтүнүчүнө негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Жыгач айылындагы Салбанов атындагы орто мектеби курулуп буткөндүгүнө байланыштуу, Жалал-Абад капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан берилген авизо аркылуу муниципалдык менчик деп кабыл алынсын.
Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |