Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы № 5
Асылдуулугу төмөн болгон кайрабөлүштүрүү жерлерине бак-дарактигүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Омурзаковдун сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагындагы жайгашкан жалпы асылдуулугу төмөн болгон кайра бөлүштүрүү жана түшүмдүүлүгү аз айыл чарба багытындагы жерлерге бак тигип, айыл чарба багытына пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каипов менен жер боюнча туруктуу комиссия менен биргеликте текшерүүдөн өткөрүлүп, мыйзамдуу жагын карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |