Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ3
2020-жылдын 17-апрели № 1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 15.04.2020 ж№404 кайрылуусу жөнүндө
Жалал-Абад шаарынан жана Сузак районунан “Коронавирус” чыккан азыркы убактагы карантин болуп жаткан тараптан келип жаткан нан, кондитердик тамак-аштарды алып келип сатууга тыюуу салуу жөнүндө Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учурдагы “Коронавирус” илдети чыкандыгына байланыштуу Кеңеш айыл өкмөтүнө Жалал-Абад шаарынан жана Сузак районунан келип жаткан нан, кондитердик тамак-аштарды алып келип сатууга тыюуу салынсын.
2. Жалал-Абад шаарынан жана Сузак районун келип жаткан нан, кондитердик тамак-аштарды Кеңеш айыл аймагына киргизбөө үчүн Жалал-Абад, Сузак комендантына токтомдун негизинде райондук мамлекеттик администрация аркылуу кат жолдонсун .
3. Токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |