Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-апрели № 2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 15.04.2020.ж№404 кайрылуусу жөнүндө
Учурдагы кырдаалга байланыштуу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Могол, Талды-Булак айыл өкмөт тургундары Кеңеш айыл аймагынын айылдарын аралап өтүп жаткандыктан, айыл тургундарынын билдирүүсүнө негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Коронавирус илдетин жайылышына бөгөт коюу үчүн Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Могол, Талды-Булак айыл өкмөтүнүн жарандарын Базар-Коргон райондун центирине келип кетиши үчүн Кара-Үңкүр дарыясынын жээгиндеги жолду пайдаланууну райондук штабтан суралсын .
2.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кенешинин төрагасы | К.Аттокуров |