Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-апрели № 3
Жаштарынын демилгелигин06.04.2020.ж 01-17/393 кайрылуусунколдоо боюнча
Укук жана мыйзамдуулук комитетинин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынында өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу “Коронавирус” илдетин жайылышына жол бербөө максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 31 беренесинин 15 пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагында баардык айылдарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын жана саат 20:00 дө баардык дукөндөр жана соода борборлор жабылсын.
2.Токтомду аткаруу үчүн ар бир айылдан төмөнкүдөй демилгелүү топтор тузулуп, Афган жана Баткен согушунун ардагерлери, айылдык депутаты, айыл башчысы айыл бийилери, молдосу, участкалык инспектору менен биргеликте аткарууга алынсын.
3.Токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |