Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-апрели № 5
Кеңеш айылдык Кеңешинин депутаты З.Касымованын кайырлуусу жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин депутаты З.Касымованын кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Учурдагы “Коронавирус” илдетинен сактануу үчүн Кеңеш айыл аймагынын жарандарынын ден-соолугун карап кызмат кылып жаткан мед врачтарына жана мед айымдарына ГСВ-9, ГСВ-10 жана айылдагы фап кызматкерлерине көп колдонуучу атайын сактануу үчүн костюм алып берүү жагы Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы С.Капаровага жана Кеңеш айылдык Кеңешинин бюджет экономика комитети менен биргеликте каражат таап берүү жагы каралсын.
3. Кеңеш айыл аймагынын юристь М.Каипов жана Укук жана Мыйзамдуулук комитети менен биргеликте текшерүүдөн өткөрүлүп мыйзамдуу жагын карап берилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |