Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-майы № 1
Кеңеш айыл өкмөт башчысынын 08.05.2020.жыл №01-17/452 сандуу кайрылуусу жөнүндө
Базар-Коргон райондук мамлекетик администрациясынын орун басары З.Адышованын 06.05.2020-жылдагы №26 протоколуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын ПМК участкасында жайгашкан “Росинка” балдар бакчасы атайын соттун чечими менен РЕЕСТРге киргизилип кабыл алынгандыктан келечек муундардын таза тарбия алуусу үчүн обсервация кылууга макулдук берилбесин.
2.Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристь М.Каипов жана айылдык Кеңешинин Укук жана Мыйзамдуулук комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык балдарды колдоо үчүн тез арада балдар бакчасы болуп ишке киргизүү уюштурулсун.
3.Токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |