Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 7
Менчик мал багарлардын 2020-жылгакарата кызмат акысын бекитʏʏ жɵнʏндɵ
Момбеков айыл ɵкмɵтʏнʏн орун басары Б Раманкуловдун билдирʏʏсʏн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын 32-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Момбеков айыл ɵкмɵтʏнʏн орун басары Б Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Менчик мал багарлардын 2020-жылга карата кызмат акысы тɵмɵндɵгʏдɵй болуп бекитилсин :
1) Кара малга бир баш 300 сом
2) Кой, эчкиге бир баш 80 сом
3) Жылкыга бир баш 500 сом
3. Малдар жайлоодон келгенден кийин бекитилген баа менен мал ээлери менен эсептешʏʏ жагы менчик мал багарларга эскертилсин.
Менчик мал багарлардын бекитилген кызмат акысы боюнча маалыматты жер-жерлерде менчик мал багарларга жана айылдын тургундарына жеткирʏʏ жагы айыл башчыларына жʏктɵлсʏн.
Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ɵкмɵтʏнʏн орун басары Б Раманкуловго жʏктɵлсʏн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |