Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-апрели № 1
Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын жайлоо жайыттарына райондун айыл аймактарынын айыл чарба малдарын жайыткажайгаштыруу жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы жергиликтүү элдеринин айыл чарба малдарын жазгы жана жайкы жайыттарга чыгаруу 2020-жылдын 10-майынан чыгарылсын. Төмөнкү айыл аймагынан келген айыл чарба малдары айылдардын ичинде кармалбай токтолбостон түз,туура чоң жайлоого чыгарылсын.
2. Райондун төмөнкү айыл аймагынын айыл чарба малдарын 2020-жылдын 25-майдан көзөмөл пункутунан өткөрүү жагы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына жана райондук жайыт комитетине сунушталсын.
3. Айыл аймагындагы айыл чарба малдарын жазгы жана жайкы жайыттарга туура жайгаштыруу жана жайыттарды рационалдуу пайдалануу боюнча айыл жаштарынан,айыл өкмөт кызматкерлеринен төмөндөгүдөй курамда коомдук көзөмөл комиссиясынын курамы түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы:
1. Бейшенбек уулу Амантур
Комиссиянын мүчөлөрү:
2.Ускенбаев Заирбек
3.Дооронбаев Торогелди
4.Дооронбаев Сапарбек
5.Розуев Азамат
6.Кылычбеков Аватбек
7.Туркменов Сагынбек
8.Жолдошов Суймонкул
9.Нурлан уулу Оомат
10.Жолдошов Арстан
11.Төрөгелди уулу Аскат
12.Атабаев Женишбек
13.Кутунаев Малик
4. Райондун төмөнкү айыл аймагынын айыл чарба малдарын Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын жайлоо жайыттарынан айдап кетип жатканда кечки саат 20 00дөн эрте мененки саат 6 00 гө чейин айыл арасынан, «Чат –Көпүрө» постунан айдап өткөзбөө, көзөмөлдөө жагы токой чарба кызматкерлерине жана коомдук көзөмөл комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
5. Жайлоо жайытка түзүлгөн келишимдин шарттарынын негизинде көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын кызматкерлерине милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7.Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага
| Жамгырчиев А.А. |