Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы №15/27
Барпы айыл өкмөтүнүн Төбөй айылындагы №739 контурдагы 1,5га сугат жер аянтын трансформация кылууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы “жер участокторун которуу” жөнүндөгү №145 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтомунун негизинде Барпы айылдык кенешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги каралуучу Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кенеши
Токтом кылат:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Төбөй айылындагы №739 контурдагы 1,5га сугат жер аянты “айыл чарба багытындагы жерлери” Өнөр жайдын,транспорттун,байланыштын,энергетиканын,коргоонун жана башка жерлер” категориясынын артезиан скважиналары менен суу топтолуучу кампасын куруу учун трансформация кылууга уруксат берилсин.
2. Которууга уруксат берилген 1,5га сугат жер аянтынын тиешелүү документтерин даярдоо жагы Барпы айыл өкмөтүнүн юристи С.Назаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
Барпы айылдык кенешинин төрага
| У.Абдыкулов |