Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Алма айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2020-жылдын 14-январы № 2
" Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2020- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетин киреше жана чыгашалары жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары жөнүндө айыл өкмөтүнүн бюджеттик комиссиясынын сунушу эске алынып, жергиликтүү бюджеттин 01.01.2020-жылга карата каралган 244,0 миң сом калдыктын 40,1 миң сому эмерек сатып алууга, 34,0 миң сомун айыл ичиндеги ички чарбалык жолдорду кардан тазалоо жумуштарына, 22,0 миң сомун айыл өкмөттүн карамагында турган муниципалдык мекемелердин юридикалык иш кагаздарын (АПШ) жасатууга, 147,9 миң сому Кара-Алма айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өздүк салым катары жумшалып, атайын каражаттын эсебинен калган калдык 55,5 миң сомун Кара-Алма балдар бакчасынын тамак ашына пайдаланууга бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Алма айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду Кыргыз Респуликасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы, айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы
|
К.Сооронбаев |