Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-марты № 1
“Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына” сунуштоо жөнүндө”
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адисин “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасына”сунуштоо жөнүндөгү маселени, айылдык Кеңештин депутаттары карап жана талкуулап, Кара-Алма айылдык Кеңешинин депутаттарынын II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын Кара-Алма айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси Теңизбаев Ташболотко Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасына” берген сунушу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасын” алууга Сузак райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын жана көмөк көрсөтүү жагы суралсын.
3. Керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо Кара-Алма айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А. Назановго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кара-Алма айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы
| К.Сооронбаев |