Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31- марты № 1
" Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагаcын шайлоо жөнүндө"
Кара-Алма айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын № 2 протоколундагы жыйынтыктарды эске алуу менен Кара-Алма айылдык Кеңешинин № III кезексиз сессиясында карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айылдык Кеңешинде 31.03.2020-жылы түзүлгөн айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 2 протоколу бекитилсин.
2. Кара-Алма айылдык Кеңешинде 31.03.2020-жылы түзүлгөн айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 2 протоколунун жыйынтыгы менен Орозалиев Мелс Баевич, Кара-Алма айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
3. Ушул кабыл алынган токтомду, Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы, Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражатына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы
| К.Сооронбаев |