Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-марты № 3
“Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, социалдык укук жана этика, токой чарба жана жер маселелер боюнча туруктуу комитеттеринин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Алма айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын № 1 протоколундагы жыйынтыктарды эске алуу менен жана тармактык комитеттердин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө депутаттардын сунушун угуп, талкуулап VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-февралындагы 1 сессиясы № 3 токтому менен бекитилген айылдык кеңешинин тармактык комитеттерин бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Кара-Алма айылдык Кеңешинин Бюджет жана Экономика комитетинин төрагасы К.Назанов, орун басары А.Арзыбаев, мүчөсү Д.Козукеев.
3. Социалдык укук жана Этика комитетинин төрагасы К.Борбугулов, орун басары М.Боронбаев, мүчөсү Ж. Мусурманов.
4. Токой чарба жана жер комитетинин төрагасы А.Калмурзаев, К.Сооронбаев орун басары мүчөсү А.Маматовдор дайындалды деп эсептелсин.
5. Токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып, күчүнө кирет.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы
| К.Сооронбаев |