Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-марты № 4
“Кара-Алма айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2020-жылга бекитилген айрым чыгымдарынын багытын өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин №115-беренесинин 1-пунктуна ылайык ” Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 18.03.2020-жылдагы “ Өзгөчө кырдаалдардын жарыялоо жөнүндөгү” № 58-б буйругунун негизинде “Коронавирус” оорусун алдын алуу жана ыкчам иш-аракеттерин көрүү максатында, Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы И.Алимовдун сунушун карап чыгып, Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин №115-беренесинин 1-пунктуна ылайык Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 18.03.2020-жылдагы “Өзгөчө кырдаалдардын жарыялоо жөнүндөгү” № 58-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынын 20.03.2020-жылдагы № 01-14/24-20 катынын негизинде “Коронавирус” оорусун алдын алуу жана ыкчам иш-аракеттерин көрүү боюнча, 2020-жылдагы бүгүнкү кырдаалга карата зарылдыгы жок чыгымдар үчүн бекитилген чыгымдардын багыты өзгөртүлсүн.
2. 2020-жыл ичинде Кара-Алма айыл өкмөтү тарабынан Ак-Талаа участкасына таза суу чыгаруу үчүн 74,3 миң сом, Сай участкасынын түнкү жарыктандыруусуна 78,5 миң сом, Кара-Алма жана Орток айылдарына шагыл төшөөгө 350,0 миң сом жана айыл өкмөт имаратына видео байкоо орнотууга 40,0 миң сом жалпы 542,8 миң сом өлчөмүндө бекитилген акча каражаттары “Коронавирус” оорусун алдын алуу жана ыкчам иш-аракеттерин көрүүгө багытталсын.
3. Кара -Алма айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Алма айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Назановко жүктөлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы
| К.Сооронбаев |