Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-апрель № 1
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-апрель 2020-жыл № 4 протоколдук чечими жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 20-апрель № 94-б буйругунун негизинде Кара-Алма айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 28,0 миң сом акча каражаты жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-апрель 2020-жыл № 4 протоколдук чечими жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 20-апрель № 94-б буйругунун негизинде Кара-Алма айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 28,0 миң сом акча каражатын турмуштун оор кырдаалында азык-түлүк продукцияларын сатып алуу менен айыл аймактагы муктаж жарандарга таркатуу боюнча Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы И.Алимовдун сунушун карап чыгып, Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 28,0 миң сом акча каражатына азык-түлүк продукциялары айыл өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан сатылып алынып, айылдын аймагындагы турмуш шарты оор жарандарга таркатылып берилсин.
2. Сатылып алынуучу азык-түлүк продукцияларынын топтому 800 сомдон ашпаган болуп даректүү жеткирилиши айыл өкмөт тарабынан камсыздалсын.
3. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак райондук башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Алма айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Назановко жүктөлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы
| К.Сооронбаев |