Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27- майы № 3
"Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө.”
Кара-Алма айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын 4 сессиясында күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа участкасындагы аты жок көчөсү, К.Акматовдун үйүнөн Э.Жусупбековдун үйүнө чейин Т.Жусупбеков көчөсү, Центр участкасындагы аты жок көчөсү А. Акматовдун үйүнөн Ф. Кубатбековго чейин Алянова Кызжибек көчөсү болуп аталсын.
2. Кара-Алма айылындагы Ак-Талаа участкасындагы Т.Жусупбеков көчөсүнө катар сан коюу жагы Б.Жусупбековго, ал эми Центр участкасындагы К. Алянова көчөсүнө катар сан коюу А. Кожахматовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комитеттерине жүктөлсүн.
4. Токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы
| К.Сооронбаев |