Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры № 1
"Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бекитилген чыгымдардан иштетилбей калган жана мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө“
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык 2019-жылы бекитилген чыгымдардан 70629 ЖКХ бөлүмүнүн 3111 имарат жана курулмалар беренесине трансформатор сатып алууга бекитилген 200,0 миң сом жана Беккера чункурчасын курууга каралган 142,0 миң сом акча каражаттары жумуштун аткарылбагандыгына байланыштуу 70629 ЖКХ бөлүмүнүн 2215 ар түрдүү чыгымдар беренесине 245,0 миң сом, 2221 учурда оңдоо беренесине 25,0 миң сом, 70111 Аппарат бөлүмүнүн 2211 кызматтык сапар беренесине 80,0мин сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн аппарат, билим берүү, маданият бөлүмдөрүнүн электр энергияга болгон чыгымдарынан үнөмдөлгөн 50,0 миң сом акча каражатын 70111аппарат бөлүмүнүн 3112 машина жана жабдуулар беренесине жылдырылсын.
3. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019-жылда мамлекеттик сатып алуулар порталынан үнөмдөлгөн акча каражаттары Кара-Алма айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 6-февралындагы № 1-сессиясынын № 1 токтому менен бекитилген беренелерде калтырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Бюджет боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
1. Токтом массалык маалымат каражатына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы
| К.Сооронбаев |