Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры № 3
" Жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”
Кара-Алма айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы күн тартибиндеги маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” келишимди окуп жана талкуулап, Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кара-Алма айыл өкмөтүнүн ортосунда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын негизинде түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы
| К.Сооронбаев |