Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-апрели № 1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик мат.резервтен келген ундубөлүштүрүү жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнүн Благовешенка ,Достук айылдарында жана Сузак айылынын Мадаминов көчөсүндө коронавирус илдети катталгандыгына байланыштуу Сузак айыл өкмөтүндө 17.03.2020-жылдан тартып “Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал абалы” киргизилип Благовещенка,Достук айылдарын жана Сузак айылы Мадаминов көчөсүн блок посттор менен тосулуп ,Сузак айыл өкмөтүнүн бардык айылдарына, көчөлөрүнө адамдардын кирип,чыгуусу токтотулуп,айылдын элдери карантинге байланыштуу үйлөрүнөн чыкпай келүүдө.Ошондуктан Сузак мамлекеттик админстрациясынын 01.04.2020-ж.№80-б ,№110-б буйругу жана 01.04.2020-жылдын актынын негизинде Сузак айыл өкмөтүнө 107,2 тонна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик мат.резервтен келген унду Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган 8487 кожолукка 11 кг ун бөлүп берүү боюнча депутаттар бир чечимге келишип,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кеңештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик мат.резервтен келген унду Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган 8487 ар бир кожолукка 11 кг ун бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн унду таркатуу жана тизмени даярдоо үчүн атайын комиссия курамын түзүү Сузак айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик мат.резервтен келген унду бөлүштүрүүнү көзөмөлдөө жагы Сузак айылдык Кеңешинин депутаттарына жүктөтүлсүн.
Сузак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы
| Хакимов Ж. |