Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели №1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн тарабынан бөлүнүп каралган акча каражаты жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус илдети катталгандыгына байланыштуу Сузак айыл өкмөтүндө 17.03.2020-жылдан тартып “Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал абалы” киргизилип элдер сыртка чыкпай келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги №128-б буйругуна ылайык,Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинен райондогу турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын мезгилинде акысыз материалдык жардам көрсөтүү ,коронавирустук инфекциясын жайылышына байланыштуу Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынын № 95-б 20-апрель 2020-жылдагы буйругунун негизинде Сузак айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 2 млн 767 миң сом аз камсыз болгон,жардамга муктаж үй бүлөлөргө туура жана даректүү бөлүштүрүү үчүн Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган 3458 жардамга муктаж ,аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 800 сомдон турган азык түлүк топтомун алып жардам берүү боюнча депутаттар бир чечимге келишип,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кеңештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнон берилген акысыз материалдык жардам Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган оор кырдалында турган гуманитардык жардамга өтө муктаж аз камсыз болгон 3458 үй-бүлөлөргө 800 сомдон турган азык түүлүк 10 кг ун,2 литр май,5 кг макарон жана чай алынсын.
2. Турмуштун оор кырдалында турган үй-бүлөлөогө азык-түлүк продукцияларын алуу үчүн ыкчам түрдө үй-бүлөлөрдүн(тарапттардын) тизмеси 1227 tunduk.kg тармагына электрондук түрдө өтүнмө(заявкага)киргизилсин.
3. Бөлүнгөн 800 сомдон турган азык түлүктү таркатуу жана тизмени даярдоо үчүн атайын комиссия курамын түзүү Сузак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Сузак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы
| Хакимов Ж. |