Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Комиссиясы тарабынан бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеке жана Юридикалык талаптардан түшкөн акча каражаттарына турмуштун оор кырдаалында турган жарандарды азык түүлүк продукциялары менен камсыздоо” Комиссиясынын 14-апрель 2020-ж.№4 протоколдук чечими,КРдын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минстрлигинен Сузак ра йонуна бөлүнгөн 2,0млн сом акча каражаты 17.04.2020-жылдагы акт менен Сузак айыл өкмөтүнө 292,0 миң сом бөлүнгөн. Сузак айыл өкмөтүндө 17.03.2020-жылдан тартып “Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал абалы” киргизилип ,ушул күнгө чейин элдер үйлөрүнөн сыртка чыкпай келет. Сузак райондук мамлекеттик админстарциясынын 20.04.2020-жылдагы 94-б буйругунун негизинде бир үй-бүлөгө Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган турмуштун оор кырдалында турган гуманитардык жардамга өтө муктаж аз камсыз болгон 365 үй бүлөлөргө 800 сомдон турган азык түлүк топтомун алып жардам берүү боюнча депутаттар бир чечимге келишип,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кеңештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Комиссиясы тарабынан бөлүнгөн 292,0 миң сомду Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган турмуштун оор кырдалында турган гуманитардык жардамга өтө муктаж 365 үй бүлөлөргө 800 сомдон турган азык түүлүк 10 кг ун,2 литр май,5 кг макарон жана чай алынсын.
2.Турмуштун оор кырдалында турган үй-бүлөлөогө азык-түлүк продукцияларын алуу үчүн ыкчам түрдө үй-бүлөлөрдүн(тарапттардын) тизмеси 1227 tunduk.kg тармагына электрондук түрдө өтүнмө(заявкага)киргизилсин.
3. Бөлүнгөн 800 сомдон турган азык түлүктү таркатуу жана тизмени даярдоо үчүн атайын комиссия курамын түзүү Сузак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Сузак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы
| Хакимов Ж. |