Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 3
Токтомго өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус илдети катталгандыгына байланыштуу «Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал абалы» киргизилип элдер үйдөн сыртка чыкпай отуруп жашоо шартындагы кыйынчылыктарды жоюу максатында :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында катталган коронавирус илдетине байланыштуу “ Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал абалы” киргизилип элдер үйдөн чыкпай отуруп жашоо шартындагы келип чыккан кыйынчылыктарды жоюу жана айыл тургундарынын жазган арыздарынын негизинде жардам беруу учун жергиликтуу бюджеттин чыгашаларын аткаруу процессинде айыл өкмөтүнүн чыгаша милдеттемелерди аткарууга байланышкан муктаждыктарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115- беренесинин негизинде 2020- жылга бекитилген каражаттар төмөндөгү тартипте кайра бөлүштүрүлсүн:
-Айылдык кеңештин 2020-жылдын 24-январындагы XIX –сессиясынын №1-токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин.
-706 –коммуналдык чарба бөлүмүнүн I-кварталынын 3111- имараттар жана курулмалар беренесинен I-кварталынан 150,0 мин сом, II-кварталынан 570.0 мин сом азайтылсын;
-Жогорудагы азайтылган каражаттар 71092-социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721-элге женилдиктер беренесине I-кварталына 150,0 мин сом, II-кварталына 570,0 мин сомго көбөйтүрүлсүн.
2.COVID-19 вирусунун жайылышы менен өзгөчө кырдаал абал , өзгөчө кырдаал жана карантин киргизилгендигинин натыйжасында, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2020-жылга бекитилген кирешелердин милдеттуу патент салыгынын планы 68,0 мин сом, ыктыярдуу патент салыгынын планы 617,0 мин сом, кыймылсыз мулк салыгынын планы 134,3 мин сом жалпысы 819,3 мин сомго кирешелердин планы II-кварталынан, билим берүү бөлүмүнүн атайын каражаттар планы 900,0 мин сомго II-кварталынан кыскартылсын.
3.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 107-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин төмөндөшү эсебинен , Бюджеттик Кодекстин 27-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин тен салмактуулугун камсыз кылуу максатында чыгашалардын 70911-бала бакчалар бөлүмдүн тамак-аш 2218–берененсинен 659,0 мин сомго, 70629 коммуналдык чарба бөлүмдүн имараттар жана курулмалар 3111- беренесинен 160,3 мин сомго жалпы 819,3 мин сом II-кварталынан, балдар бакчасынын атайын каражаттары боюнча 70911- бала бакчалары бъл\м\н\н тамак-аш 2218- беренесинин планы 900,0 мин сомго II-кварталынан кыскартылсын.
4.Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын планына өзгөртүүлөрдү киргизүү КР ФМ Сузак башкармалыгынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдоо жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сариевге жана ФЭБ башчысы М. Карабаевага жүктөлсүн.
Сузак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы
| Хакимов Ж. |