Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июну № 24-1
Кызматтын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIV сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2.Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктары бекитилген келишимге ылайык кызматтын мамлекеттик системаларын ишке ашыруу ,бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдо бекитилген келишим боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жана иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Эсенбековага тапшырылсын.
4.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага
| О.Көксариев |