Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июну № 24-2
Жергиликтүү кеңештин “жооптуу катчы”административдик муниципалдык кызмат орундун штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерге акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтому 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.Белгиленген токтомго ылайык айыл аймактын айыл өкмөтүнүн калкынын санына карата жооптуу катчы кызмат оруну бекитилет. Жергиликтүү кеңештин “жооптуу катчы”административдик муниципалдык кызмат орундун штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIV сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерге акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтомунун негизинде жергиликтүү кеңештин “жооптуу катчы”административдик муниципалдык кызмат орундун штаттык ырааттамасы бекитилсин.
2.Айылдык кеңештин жооптуу катчы штаттык бирдигинин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүү айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага
| О.Көксариев |