Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-октябры № 219/43-7
“Кара-Көл шаарындагы саясий кырдаал жөнүндө”
Кыргыз Республикасындагы саясий кырдаалга байланыштуу Кара-Көл шаарындатүзүлгөн саясий кырдаал жөнүндө шаардын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Э.Э.Бабакановдун, УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча Кара-Көл шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы А.К.Шариповдун жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги А.А.Нусубалиевдин маалыматынугуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз ХХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарында түзүлгөн саясий кырдаал жөнүндө шаардын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Э.Э.Бабакановдун,УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча Кара-Көл шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы А.К.Шариповдунжана шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги А.А.Нусубалиевдин маалыматтары эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык мэрия (Э.Э.Бабаканов) шаардын тынчтыгын сактоо, талап-тоноого, кагылышууларга жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү (А.А.Нусубалиев) Кара-Көл шаарында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Э.Э.Бабаканов), шаардык ички иштер бөлүмүнө (А.А.Нусубалиев), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |