Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №220/44-7
“КРӨ караштуу экологиялык жана техникалыккоопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгынын 2018-2019-жылда Кара-Көл шаарында курулуп жаткан курулуштар боюнча жана шаардын экологиялык абалы жөнүндө маалыматы”
КРӨ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгынын 2018-2019-жылда Кара-Көл шаарында курулуп жаткан курулуштар боюнча жана шаардын экологиялык абалы жөнүндө маалыматын, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. КРӨ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгынын 2018-2019-жылда Кара-Көл шаарында курулуп жаткан курулуштар боюнча жана шаардын экологиялык абалы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын КРӨ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгына (А.И.Элеманов), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |