Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №221/44-7
“Кара-Көл шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы,муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркыфонддун каражаттарынын пайдаланышы, шаарды социалдык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын 2020-жылдын 9 айындааткарылышы жөнүндө маалыматы”
Кара-Көл шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланышы, социалдык жактан коргоо программаларынын 2020-жылдын 9 айында аткарылышы жөнүндө шаардын мэри И.М.Еркеевдин маалыматын жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланышы, социалдык жактан коргоо программаларынын 2020-жылдын 9 айында аткарылышы жөнүндө шаардын мэри И.М.Еркеевдин маалыматын жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. ШММБна тиешелүү жыйымдардын жалпы суммасы 2 280,2миң сом акча каражаты шаардык кеңешке берген маалыматта туура эмес берилгендиги белгиленсин.
3. ШММБгы тарабынан калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы боюнча (план:1504,8миң сом факт:956,8миң сом)- 547,3миң сомго, муниципалдык менчиктеги имарат жайлардын ижарасы үчүн акы төлөө боюнча (план:198,8миң сом, факт: 97,1миң сом)-101,7миң сомго план толбогондугуна байланыштуу 2020-жылдын аягына чейин толук кандуу аткаруу ШММБнын башчысына (М.С.Курамаев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), шаардык мэрияга (И.М.Еркеев) милдеттендирилсин.
4. Коммуналдык чыгымдарды азайтуу боюнча иш чара жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин жана шаардык мэрияга, ШММБна 2021-жылга коммуналдык чыгымдарды азайтуу боюнча иш чара жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 1-октябрына карата кирешелердин жергиликтүү салык түрлөрү боюнча 3 022,2миң сомдук өндүрүлбөй калган (недоимка) каражаттарын жылдын аягына чейин өндүрүү мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл башкармалыгына милдеттендирилсин.
6. Атайын каражат боюнча 2020-жылдын 9 айына карата бекитилген пландар ШММБгы тарабынан 8,9миң сомго, “Кара-Көл нуру” редакциясы тарабынан 42,9миң сомго аткарылбай калгандыгына байланыштуу 2020-жылдын аягына чейин аткаруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев), ШММБна (М.С.Курамаев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл башкармалыгына (Т.Т.Муратов), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов), өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |