Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №222/44-7
“Кара-Көл шаарынын 2019-2020-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө”
“Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Э.Э.Бабакановдун маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXХХIV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №228 сандуу токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 26-майындагы №25 сандуу токтомун турмушка ашыруу, шаардын калкын жана экономика тармактарын 2020-2021-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана аталган мезгилди ийгиликтүү өткөрүү максатында 2020-жылдын 05-июнунда шаардык мэриянын №348-б сандуу буйругу чыгарылып, шаардык штабдын курамы түзүлүп, шаардын калкын жана экономика тармактарын 2020-2021-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоонун иш-чарасы бекитилген жана тиешелүү мекеме-ишканаларга аткаруу үчүн жеткирилген.
Шаарды жылуулук менен камсыз кылуу үчүн төрт (“ЦТК”, А.К.Тавашаров, 7-аянтчадагы “ДСР”, “Бекташ”) электр откана иштейт. Алардын жалпы кубаттуулугу Р-42мВт жана жылуулук берүүчү түтүкчөсүнүн узундугу 44,3 чакырымды түзөт жана жылдык пландын негизинде график боюнча бардык электр отказандарга капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
“ЦТС” электр отказандары -95%, “Бекташ” электр отказандары-95%, “ДСР”электр отказандар-95%, “Тавашаров” электр отказандары-95% га даяр, капиталдык оңдоодон толук кандуу өткөрүлгөн.
Жылуулук энергиясына болгон дебитордук карыздар жалпы суммасы 2020-жылдын 1-октябрына 4880639,6 сом, анын ичинен мекеме-ишканалардын карызы- 356644,8 сом, калктын карызы-4523994,7сом.
Шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү, Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө айылдык башкармалыктары тарабынан көмүргө муктаж аз камсыз болгон майыптардын, пенсионерлердин, жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдүн, баатыр энелердин, ардагерлердин тизмеси такталып, шаардык бюджеттен 249,9миң сом акча каражаты бөлүнүп, 210 жаранга 1190 сомдон жеке эсептерине которулган.
ШММБнын кампасында жолго керектөөчү материалдардын саны 40 тонна кум, 8 тонна туз турат. Ички көчөлөрдүн 29 жерине жол коопсуздугун сактоо боюнча атайын белгилер орнотулган.
№30 Жол тейлөө мекемеси тарабынан күз-кышка даярдык көрүү, кыш мезгилинде жол кырсыгын алдын алуу, Бишкек-Ош автожолундагы таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, ашууларды тейлөө иштерин аткаруу үчүн техникаларды толугу менен даярдоо иштери план боюнча жүргүзүлгөн. 2020-2021-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында 264 тн техникалык туз, 100 тн инерттик материалдар (ГПС), 300 литр күйүүчү май даяр.
Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасы тарабынан калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бир топ иштер пландалган. Анын ичинен 6-10кВ чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдоо 37,7 км болсо, 38,1 км 102% аткарылган. Калган пландар 100% ашыкча аткарылган.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. “Кара-Көл шаарынын 2020-2021-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Э.Э.Бабакановдун маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасына Кара-Көл шаарына бөлүнгөн лимитти сактоо, Кара-Көл шаарынын калкын электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Токтогул ГЭСтери каскады жана №30 Жол тейлөө мекемеси 2020-2021-жылдагы күз-кыш мезгилинде шаардын ички автожолундагы карларды, жолдордогу муздарды, таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, кум, туз чачуу иштерин аткарууда муниципалдык менчик башкармалыгына транспорт жагынан көмөк көрсөтүшсүн.
4. Кара-Көл шаардык мэриясына (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев) К.Кулданбаев көчөсүнүн №1,2 үйүнүн тургундарын муздак таза ичүүчү суу жана жетишерлик денгээлде жылуулук менен камсыз кылуу боюнча Токтогул ГЭСтери каскады менен иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Кара-Көл шаарынын Бөкөнбаев, Исанов, Умралин көчөлөрүн жылуулук менен камсыз кылуу үчүн борбордук жылылуулук тутумуна кошуу боюнча Токтогул ГЭС каскады менен биргеликте шаардык мэрия иш алып барсын.
6. Жогору турган тийиштүү мекемелер менен бул маселени чечип келүү боюнча шаардык кеңештен депутаттык комиссия түзүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |