Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №223/44-7
“Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету ”
Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылдын аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн отчетун жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө “Энергетик” маданият үйүнүн директору Б.О.Жаркынбаевдин отчету жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн иши канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |