Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №224/44-7
“ Кадастр мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл филиалынын 2019-жылдын акыркы кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө”
Кадастр мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл филиалынын 2019-жылдын акыркы кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXIV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Филиалда эки бөлүм: жерге жайгаштыруу жана каттоо бөлүмдөрү шаар жарандары менен иш алып барышып, 2019-жылдын 4-кварталы боюнча филиалдын жалпы 649,2 миң сом план алынган жана анын ичинен каттоо бөлүмү 274,2 миң сом, ал эми жерге жайгаштыруу бөлүмү 375,0 миң сом план алышкан.
2019-жылдын 4-кварталына бекитилген 649,2 сом план 941,2 сомго башкача айтканда 145%-га аткарылган.
Каттоо бөлүмү боюнча 2019-жылдын 4-кварталына бекитилген планы 274,2сом план 506,2сомго башкача айтканда 184,6% га аткарылган. 357 кыймылсыз мүлк бирдигинин укугу каттоодон өтүп, анын ичинен 129 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүүсүз сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде, 27 кыймылсыз мүлк бирдиги мураска калтыруу келишиминин негизинде, 23 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүүсүз белекке берүү келишиминин негизинде, 178 кыймылсыз мүлк бирдиги мамлекеттик каттоодон өткөн.
Жерге жайгаштыруу бөлүмү боюнча 2019-жылдын 4-кварталына бекитилген планы 375,0 миң сом пландан 435,0 миң сомго 116% га аткарылган.
Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 40 жаранга, жерди убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк 30 жаранга, жер үлүшүнө жеке менчик жөнүндөгү күбөлүк 12 жаранга, ал эми жерди мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт 19, ишкана-мекемелерге 54 корутунду, 30 техникалык паспорт, 9 ар кандай жер тууралуу маалыматтар берилген.
2020-жылдын 9 ай ичинде бекитилген 2640,0 сом план 3539,5 сомго башкача айтканда 134%-га аткарылган.
Каттоо бөлүмү боюнча 2020-жылдын 9 ай ичинде бекитилген планы 1570,0 сом, план 1486,7 сомго башкача айтканда 94,7% га аткарылган. 797 кыймылсыз мүлк бирдигинин укугу каттоодон өтүп, анын ичинен 303 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүүсүз сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде, 91 кыймылсыз мүлк бирдиги мураска калтыруу келишиминин негизинде, 84 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүүсүз белекке берүү келишиминин негизинде, 319 кыймылсыз мүлк бирдиги мамлекеттик каттоодон өткөн.
Жерге жайгаштыруу бөлүмү боюнча 2020-жылдын 9 ай ичинде бекитилген планы 2052,8 миң сом 191,8% га аткарылган.
Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 83 жаранга, жерди убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк 79 жаранга, жер үлүшүнө жеке менчик жөнүндөгү күбөлүк 20 жаранга, ал эми жерди мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт 83, ишкана-мекемелерге 169 корутунду, 159 техникалык паспорт, 23 ар кандай жер тууралуу маалыматтар берилген.
Шаардагы муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү мүрзөлөр, жаңы курулган балдар аянтчалары, 7-аянтта курулган аллея жана жалпы колдонуудагы жерлер, шаардагы РЭТ ишканасына тиешелүү трансформаторлор, шаардык №30 Жол тейлөө мекемесине тиешелүү Ош-Бишкек трассасынын жээгиндеги аялдамалар жана курулмалар бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик каттоодон өтпөй турат. Бул кыймылсыз мүлктөрдү катоодон өткөрүү зарыл.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл филиалынын 2019-жылдын акыркы кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Муниципалдык менчик башкармалыгы (М.С.Курамаев), шаардагы жаңы курулган курулмаларды жана Кара-Көл шаарындагы Серый жана Бекташ көчөлөрүндөгү курулган жана курулуп жаткан мечиттердин документтерин толуктап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Кара-Көл шаардык мэриясы (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгы (М.С.Курамаев), Кадастр мамлекеттик мекемеси Канат көчөсүндөгү трансформатор боюнча иш алып барсын.
4. РЭТ ишканасына каттоодон өткөрүлбөгөн өзүлөрүнө тиешелүү трансформаторлорду мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. №30 Жол тейлөө мекемесине Ош-Бишкек трассасынын жээгиндеги аялдамаларды жана курулмаларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык мэриясына (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев), №30 Жол тейлөө мекемесине (Т.С.Кенетаев), райондук электр тармактар ишканасына (Ж.Т.Ажыканов), Кадастр мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл филиалынын (Г.Р.Сооронбаева), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |