Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №225/44-7
“Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2019- жылдын акыркы кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2019- жылдын акыркы кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
2019-жылдын 4-кварталында ар кандай шааркуруу документтерин даярдоо үчүн жарандардан жана мекеме-ишканалардан 272 даана арыз түшкөн. Анын ичинен 42 кат жогору турган мекемелерден, 95 кат шаар ичиндеги мекеме-ишканалардан, 135 арыздар мэрия жана ММБ тарабынан түшкөн.
2019-жылдын 4-кварталында башкармалыктын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү секторлор боюнча төмөндөгүчө :
1.АПШ жана ИТШ (Архитектуралык-пландоо жана инженердик- техникалык шартары) сектору боюнча 30 санда буйрутмачыларга документтер даярдалып “Бирдиктүү терезе принцибинин” негизинде берилген.
2.Долборлоо сектору боюнча шаар ичине ар кандай объектилерди курууга буйрутмачыларга 18 долбоор түзүлүп берилген.
3. Жеке менчик турак үй куруу сектору боюнча 18 жеке менчик турак үй курулуп бүтүп, 2016,0 м2аянты пайдаланууга берилген.
4.Геодезиялык сектору боюнча 164 жер участкаларынын ситуациалык схемалары түзүлүп, корутунду даярдалып, муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү комиссияга кароого жөнөтүлгөн.
2020-жылдын 9 ай ичинде жарандардан жана мекеме-ишканалардан 810 даана арыз түшкөн. Анын ичинен 94 кат жогору турган мекемелерден, 167 кат шаар ичиндеги мекеме- ишканалардан, 549 арыздар мэрия жана ММБ тарабынан түшкөн. 2020-жылдын 9 айында башкармалыктын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү секторлор боюнча төмөндөгүчө :
1.АПШ жана ИТШ (Архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шартары) сектору боюнча 55 санда буйрутмачыларга документтер даярдалып “Бирдиктүү терезе принцибинин” негизинде берилген.
2.Долборлоо сектору боюнча шаар ичине ар кандай объектилерди курууга буйрутмачыларга 10 долбоор түзүлүп берилген.
3.Жеке менчик турак үй куруу сектору боюнча 18 жеке менчик турак үй курулуп бүтүп, 1927,0м2 аянты пайдаланууга берилген.
4.Геодезиялык сектору боюнча 164 жер участкаларынын ситуациалык схемалары түзүлүп, корутунду даярдалып, муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү комиссияга кароого жөнөтүлгөн.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2019-жылдын 4-кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 571 сандуу токтомуна жана Кара-Көл шаардык кеңеши тарабынан бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого ылайык иш алып барсын.
3. Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура башкармалыгына (Б.С.Ызаков) Кара-Көл шаарынын башкы планын ишке ашыруу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура башкармалыгына (Б.С.Ызаков ), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |